Искендер Шаршеев өлкөдөгү жана дүйнөдөгү саясий, экономикалык, социалдык өзгөрүүлөргө өзүнүн жеке пикири бар Кыргызстандагы көрүнүктүү серепчилердин бири. Учурда Кыргызстандагы Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү. Төмөнкү маекте Кыргызстандагы абалга кылдат баа берүү менен, мүмкүнчүлүктөр, келечек тууралуу оюн ортого салды. – Кыргызстандын азыркы экономикалык абалы тууралуу сиздин оюңуз? Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн эмне тоскоолдук кылат? – Азыркы кездеги Кыргызстандагы экономикалык абал – Бажы биримдигине киргенибиздин натыйжасы, башкача айтканда, Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБтин курмандыгы болуп жатат. Анткени, Кыргызстандын базарлары көбүнчө реэкспорттук системада жашап келген. Күйүүчү май сатып байыган Орусия менен Казахстанга товарларды кайра сатуу менен пайда таап жашачу эле. Кошумча пайда мигранттардын каражаты аркылуу келип турчу. Бүгүнкү күндө күйүүчү майга баа түшөөрү менен ошол акча булактары Кыргызстанга келбей калды. Жыйынт...