Искендер Шаршеев өлкөдөгү жана дүйнөдөгү саясий, экономикалык, социалдык өзгөрүүлөргө өзүнүн жеке пикири бар Кыргызстандагы көрүнүктүү серепчилердин бири. Учурда Кыргызстандагы Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү. Төмөнкү маекте Кыргызстандагы абалга кылдат баа берүү менен, мүмкүнчүлүктөр, келечек тууралуу оюн ортого салды.
– Кыргызстандын азыркы экономикалык абалы тууралуу сиздин оюңуз? Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн эмне тоскоолдук кылат?
– Азыркы кездеги Кыргызстандагы экономикалык абал – Бажы биримдигине киргенибиздин натыйжасы, башкача айтканда, Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБтин курмандыгы болуп жатат. Анткени, Кыргызстандын базарлары көбүнчө реэкспорттук системада жашап келген. Күйүүчү май сатып байыган Орусия менен Казахстанга товарларды кайра сатуу менен пайда таап жашачу эле. Кошумча пайда мигранттардын каражаты аркылуу келип турчу. Бүгүнкү күндө күйүүчү майга баа түшөөрү менен ошол акча булактары Кыргызстанга келбей калды. Жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы мурунку калыбынан тайып баратат. Кыргызстандын ишкерлери ушул өлкөлөрдүн ишкерлери менен тең тайлаша албай, азырынча аксап, кыйынчылыктарга туш болуп жатат.
– Ошондой эле кээ бир серепчилер: ЕАЭБ - бул 5 өлкөнүн өз ара алакасы эмес, ага мүчө болгон ар бир өлкөнүн Орусия менен болгон жеке алакасы (мамилеси, же кызыкчылыгы) айтып жүрүшөт. Бул тууралуу эмне дээр элеңиз?
– ЕАЭБ, чынын айтканда, Орусиянын саясий иши, бул жерде баары бирдей эмес. Беш кол тең эмес дегендей эле, ага мүчө болгон өлкөлөр да тең эмес. Бул жерде баарына үстөмдүк Орусия кылат жана Орусия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын сактайт. Албетте, улуттук кызыкчылыктарды сактоодо Казакстанга каршы атаандаштык бар. Казакстан менен Орусиянын ортосунда Кыргызстанга болгон атаандаштык жүрүп жатат. Алардын экономикасы, административдик ресурсу чектен аша күчтүү болгондуктан, эли көп болгондуктан, ушул эки өлкөдөн Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары бир аз жапа чегет. Муну так түшүнүш керек.
– Бажы биримдигине кирүү менен мигранттарга кыйла жеңил болуп калды, бул канчалык деңгээлде жана кайсыл убакытка чейин жүрүүчү процесс деп ойлойсуз?
– Мигранттарга жеңил болгону менен, Орусияда иштеп тапкан акча Кыргызстандагыга эле тете болуп, мурункудай артыкчылыктар жок болуп калды. Мунун себеби, Орусияга каршы санкциялар, ошондой эле Орусиянын дүйнө боюнча жүргүзгөн саясатынын, күйүүчү майга баанын төмөндөшү, девальвация болуп саналат. Бул нерсе келечекке дагы өз таасирин тийгизет, Орусияда, Казакстанда, Кыргызстанда иштейби, тапкан каражаттары бирдей болуп калат го дейм.
– Чет жакта жүргөн эмгек мигранттарын Кыргызстанга келтирүү керек деген оюңуз бар. Ошол процессти кандай элестетесиз?
– Чет жакка кеткен эмгек мигранттарын Кыргызстанга келтирүү үчүн биздин өзүбүздө өсүү болуш керек. Өлкө өсүп өнүгүү үчүн кайсы бир деңгээлде экономиканын модели түзүлүшү зарыл. Мисалы, көбүнчө Кыргызстандан квалификациясы төмөн, сабаты орто, негизинен интеллектуалдык экономика менен алек болуу жөндөмү жок жарандар кетип жатат. Алар ал жака барганда жөнөкөй, кара жумуш менен алек болушат.
Мунун себеби, бизде билим берүү системасы советтер союзу урагандан кийин кыйрап баштаган. Эгерде жаштарга жакшы тарбия, билим берилсе, анда алар дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берип, Кыргызстаныбызда отуруп эле программист, инженер катары иштешсе деле жакшы каражат табышмак.
Негизи чет элден биздин мигранттар кайра кайрылып келүүсү үчүн Кыргызстанга инвестициялар келип, көптөгөн жумуш орундар пайда болушу керек. Инвесторлор көп болсо, мигранттарды кайтарууга чоң мүмкүнчүлүк берет деп эсептейм.
– Жергиликтүү калктын инвесторлорго болгон мамилеси жөнүндө кандай пикирдесиз? Мисалы: иш таштоо, жол тосуу, көпүрө салдыруу сыяктуу көрүнүштөр аша чапкандык эмеспи?
– Негизи Кыргызстанда чет элдик инвесторлорду тартууга мыйзамдар тоскоолдук кылат. Мыйзамдар бизде жакшы жолго салынган эмес. Мисалы, өлкөгө 500 миң доллар киргизсе гана инвестор инвестициялык виза 5 жылга ала. Негизи инвесторлор андан аз акча менен келет. Инвесторго виза берилгени менен, үй-бүлөсүнө виза берилбейт. Өзгөчө башка түрүндөгү виза берилет. Андан сырткары инвесторго дагы кошумча иштөөгө уруксат алыш керек, өзүнүн кишисин жумушка алуу үчүн дагы уруксат алыш керек, уруксаттар болсо чектелген, квота менен гана берилет. Инвестор Кыргызстанда 5-6 жыл жашайм десе, ошого да уруксат ачык айкын мыйзам менен берилбей, көп учурда коррупция менен иш бүтөт.
Андан тышкары чет элдик жарандар, инвесторлор биздин мамлекеттик органдар аркылуу аябай кемсинтүүгө кабылышат. Элибиз да кичине инвесторду туура эмес түшүнөт, көпчүлүк кезде “инвестор - бул оккупант” деп ойлошуп, каршы чыгышат. Анан кантип эл аларга жакшы мамиле кылмак эле? Чет элден келген инвесторду жергиликтүү эл душман катары кабыл алып, акчасын талашып, сураган акчасын бербесе, жолун тосуп, ар кандай иштерди жасашат. Бул эми бизде инвестордун маанисин түшүнбөгөндүктөн болот. Инвестор - бул өлкө өнүгүшү үчүн абдан керек. Бирок, бир да инвестор кайрымдуулук фонд эмес. Муну да түшүнүш керек. Алардын келген себеби иш жасоо, ишкерлик жасоо, пайда табуу. Болгондо дагы жергиликтүү калк менен бирге иштешип пайда табуу. Бирок, калк аны түшүнбөсө, албетте баягыдай нерселер көрүнүштөр келип чыгат. Аны менен күрөшүү үчүн сабатсыздыкты жоюп, маалыматты көбүрөөк таратуу керек.
– Сиздин оюңузча мамлекеттин түзүлүшү кандай болуш керек? Бийликтин элине болгон мамилеси, экономикалык көз караш менен алганда, кандай болуусу шарт?
– Мамлекеттин түзүлүшү демократиялык, либералдык болуш керек. Мамлекет өзү “түнкү кароол” болуп, бейпилдикти камсыздап туруусу зарыл. Бир гана коопсуздук, укук, тартип сактоо, соттук суроолору менен алек болуусу шарт. Ал эми калганынын баарын жеке сектор чечиш керек. Ошондо мамлекеттик штат да кичинекей болуп, мамлекеттик кызматкерлердин маяналары жогору болот. Эл да аябай өзүнө өзү тың жакшы иштеп баштайт. Социалдык мамлекет деген түшүнүктөн качуу керек.
– Экономиканы көтөрүү, элдин турмушун жакшыртуу боюнча: "мамлекет элден өндүрүлгөн продукцияны сатып алуучу болуп, ал эми башка өлкөгө жеке адам же ишкана эмес, мамлекет сатуучу болуш керек" деген ойго кошуласызбы?
– Негизи өлкөдө качан гана жарандардын өз тагдыры өз колунда болгондо гана өлкө жакшы өнүгөт. Эгерде мамлекет бул функцияны өз колуна ала турган болсо, анда мамлекет жарандарга салыктарды көбөйтүш керек. Ал жарандардан салыктарды көбүрөөк алып, анан мамлекеттеги адамдар ошол салыктарды кайра бөлүштүрүү ишин алып барыш керек болот. Албетте, бул жерден коррупциясыз болбойт. Анткени, элден жыйналган насип, баягы май сатуучунун колуна май жабышат болгондой болот. Анан албетте, эгерде мамлекет “кичинекейирээк” болсо, мамлекет аппараты да кичирейсе, элге ошончолук жакшы.
Эч качан мамлекетке таянбаш керек. Мамлекет көп болгондо, бул фашисттик структура болуп калат. Мисалы үчүн фашисттик Германияда, Италияда мамлекет продукцияны сатып алган, продукцияны заказ кылган жана башкарган. Качан бизнести мамлекет чечип баштаганда - бул фашизм болуп калат.
Аныгы мындай өнүгүп аткан өлкөлөрдө, эч качан жеке сектор чече алчу маселелерди мамлекет чечпейт. Мамлекет бир гана чоң инфраструктуралык маселелерди чечет. Мисалы, армияны түзүү, сырткы душмандарга туруштук берүү, ички жана тышкы жолдорду салуу жана башка ушул сыяктуу иштер менен мамлекет алек болуш керек. Негизи мамлекет чоң инфраструктуралык проекттерди өзүнө алып, майда жана жеке сектор чече алчу маселелерди толугу менен алардын колуна өткөрүп берүүсү зарыл. Ушундай гана шартта түзүлгөн мамлекеттер дүйнөдө тез өнүгүп атат.
– Дүйнөлүк геосаясат жана Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан тууралуу айтып берсеңиз?
– Чынын айтканда, геосаясат – бул аябай саясатташтырылган түшүнүк. Дүйнөдө экономикалык кызыкчылыктар эң негизги орунда турат. Ал эми геосаясат деп сүйлөгөн тарап бул дайыма экономикалык иштерди артка калтырып, саясатты алдыга жылдырат. Башкача айтканда бул жөн гана пропаганда. Ал эми бизде, Орто Азияда эч кандай геосаясат жок.
Кыргызстан жана Орто Азияда чечиле турган чоң логистикалык маселелер бар. Мисалы, Европага чейин товарларды арзандатып ташуу үчүн Кытайда коммунакациялык маселелер турат. Биздин өлкө транспорттук туюкта турат. Ошондуктан, кытайлардын пландарына аябай жакынбыз. Дал ошол пландар биздин өлкөгө пайда алып келиши мүмкүн. Жакынкы аралыкта ушул нерсе, эки каалоо, бир ниетке биригет деген ойдомун.
Мисалы үчүн, жарандардын ордуна алардын тагдырын, бизнесин чечкен мамлекеттер Түндүк Корея, Венесуэла, кайсы бир деңгээлде Орусия дагы кирет. Ушул өлкөлөрдө кризис бар. Булар күйүүчү майга жана башка ресурстан көз каранды. Албетте, ал көз карандылык так ушундай каатчылыкта көрүнөт. Анын негизинде, мындай мамлекеттер бүгүнкү дүйнөдө турган чакырыктарга, кыйынчылыктарга көп учурда туруштук бере албайт. Мамлекет азыраак болуш керек, жарандык иш, жарандык демилге көбүрөөк болуш керек.
– Технология адамдын кулк-мүнүзүн, жүрүм-турумун өзгөртөт. Бул келечек үчүн кандай таасир берет?
– Технологиялык өнүгүү, албетте, бул элди бат өнүктүрөт, бат кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү, артыкчылыктарды берет. Бирок, ал технологияларды колдонуу үчүн технологиялык маданият өнүгүшү керек. Технологиялык маданият деген эмне? Мисалы, калемди жасаш үчүн 6-7 завод керек, бирөөсү пластмасса чыгарган, бирөөсү темир чыгарган, бирөөсү сыяны чыгарган, дагы бирөөсү баарын чогулткан, жана да ар бир өндүрүштө 7-8 миңдин тегерегинде эмгектенген адам керек. Аны менен катар билим да талап кылынат. Химия, физика боюнча, инженерия боюнча, станокторду жасаган адамдар керек. Ушул бир калемди жасаш үчүн эле килейген чоң маданият, инфраструктура керек. Бизде андай нерселер өнүгүш үчүн инфраструктураны түзүү керек. Же болбосо жөнөкөй жолу дүйнөлүк инфраструктураны кеңири колдонуу керек.
Бизде, Кыргызстанда технологияны өздөштүрүү жеңил. Биринчиден, чоң-чоң илимий борборлор миллиондогон акчаларды коротуп, көп технологияны ойлоп таап, бүткүл дүйнө боюнча иштетишет. Бизде технологияларды интернет аркылуу окуп, издеп таап, көрүп, үйрөнүп алабыз дагы, ошого таянып, өзүбүздүн да кошумча иштерибизди кыла алабыз. Бирок, ал үчүн өзгөчө ой жүгүртүү керек. Экинчиден, техникалык сабаттуулукка, техникалык билим алууга бүтүндөй эл умтулуш керек.
– Ошол эле сиз айткан интернеттен биздин жаштар туш келди эле маалыматтарды алышууда, анын ичинде жакшысы да бар, жаманы да бар. Мисалы: социалдык тармактарды эле алалы, алар биздин келечек үчүн өз зыянын тийгизбейби?
– Социалдык тармактар зыянын тийгизбейт. Тескерисинче, бүгүнкү күндө социалдык тармактар бул маалыматты тез жеткирүүнүн булагы болуп калды. Ой-жүгүртүүнү тездетет. Актуалдуу делген, элге керектүү жаңылыктарды тез-тез жеткирет. Социалдык тармак – бул, кээ бир окумуштуулардын ою боюнча, дүйнөлүк мээ, дүйнөлүк ой, бүт дүйнөдөгү элдерди бириктирген бир жалпы мейкиндик катары эсептелинет. Ошон үчүн социалдык тармактар аркылуу тескерисинче эл, жаштар аябай мобилдүү, билимди тез алуучулардан болот.
Ал эми социалдык тармактарды ар кандай жаман нерселерге колдонгон деле жаштар бар. Бул интернеттеги эркиндик. Эркиндиктин эки жагы бар. Адам жаман болгонго да эркин, жакшы болгонго да эркин. Кандай колдонсо ошондой, пайдасын же зыянын көрөт.
– Маек куруп бергениңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик!
Комментарии
Отправить комментарий