К основному контенту

BBC KYRGYZ: Доллардын сомго карата арзандашы эмнени билдирет?

Улуттук Банктын маалыматы боюнча, жыл башынан бери доллар сомго карата 6,7 пайызга арзандаган. Ушу тапта бир доллар 70 сомдун тегерегинде бааланууда. Улуттук Банк сом таңкыстыгы жаралбаш үчүн үч айда 10 жолу сомго доллар сатып алды. Доллардын наркы түшүп жатканы эмнени түшүндүрөт?

Экономист Искендер Шаршеев менен чечмелегенге аракет кылабыз.

Би-Би-Си: Доллардын арзандашына адистер бир нече себепти көрсөтүүдө. Алардын арасында бийликтин долларлашууну азайтуу чаралары бар. Мисалы, ипотекалык жана керектөө кредиттерди сом менен берүү, алып сатуу келишимдерин сом менен бекитүү, бааларды сом менен көрсөтүү талаптары кайсы бир деңгээлде турмушка кирип жатканы байкалат.
Андан сырткары жаздын келиши менен айыл-чарба тармагында сомдун көп айлануу зарылдыгы да буга таасир этип жатканы маалым.

Эми доллардын арзандап жатышы кыргыз экономикасына кандай таасир этет?
Искендер Шаршеев: Жөнөкөй жарандарга доллардын курсунун өйдө-төмөн болушу таасир этпейт. Бирок бир учурда, импортёрлор бааны көтөргөндө таасири болот. Көпчүлүк товарын сырттан алгандар доллардын кымбатташынан улам жоготууларга учурайт. Анда аны жабыш үчүн импортёрлор сатып жаткан товарын кымбаттатат.

Мындан сырткары экспорт кылгандар доллар курсунан көз каранды. Ушу тапта сом арзандай түшкөндө аларга бир аз кыйын. Анткени алар өлкөдө сом менен айлык алат, сом менен сырьё алат. Сыртка доллар же башка чет жердик валюта менен саткандыктан доллар арзандап кетсе, кирешеси азаят. Бирок бизде экспортёрлордун саны жалпы ишкерлердин болжолдуу он пайызын түзөт.

Би-Би-Си: Доллар көтөрүлө баштаганда доллар сатып алып койгондор, депозитин доллар менен кармагандар аны сомго айландырганда уткан мезгил көпкө чейин эле созулду. Бир доллардан 5-6 сомдон тарта, эгерде баасы 60 сом кезинде алган болсо, 75 чыкканда 15 сомго чейин үстүнөн акча тапкандар болду.

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кирешени улуттук валютада, долларда жана алтын менен үчкө бөлүп кармоо тобокелдикти азайтаарын билдирди.
Ошол эле учурда доллар 73-74 сом болуп жаткан мезгилде сатып алгандар да бар. Анткени доллар такай кымбаттоону көрсөтүп турду жана эскперттер анын баасы 100 сомго чейин жетет деген божомолдорду айтышкан. Искендер Шаршеев: Азыркы тапта бизнести бир калыпта жүргүзүп туруу жакшы. Доллар менен депозиттерди кармоо кооптуу. Анткени балким эртең анын курсу 65 сом болуп калаттыр.

Би-Би-Си: Бирок узак мөөнөттүү депозиттерди сактаганда доллар сомго салыштырмалуу эч качан баасын жоготпойт деген түшүнүк бар эмеспи?

Искендер Шаршеев: Ооба, узак мөөнөткө доллар менен сактаган жакшы. Анткени АКШнын жана Евробиримдиктин экономикасы 31-32 триллион долларга чейин жетип жатат. Демек АКШнын экономикасы дале абдан чоң көлөмдө, Кытайдан кайра ашып баратат.

Эгерде Кыргызстандын экономикасы өссө, долларга көңүл бурмак эмеспиз. Бирок чоң өлкөлөрдүн экономикасы таасир этүүсүн улантууда.

Би-Би-Си: Улуттук Банк эсептик ченин бүгүнтөн тарта 200 базистик пунктка ылдыйлатып, 8 пайызга түшүрдү. Мындан улам доллардын мындан ары да арзандашын божомолдосо болот.
Ошол эле учурда аны кайсы эксперт болбосун божомолдоо кыйын экенин турмуш көрсөттү. Андан сырткары доллардын баасына региондогу экономикалык абал, анын өзгөрүшү таасир этип келет. Мисалы, Орусия менен Казакстандын экономикасы өзгөрүп кетсе, анда Кыргызстанда да доллардын баасы өзгөрөт. Ал ошондой эле мунайдын баасына да көз каранды.

Сиздин эксперттик божомолдооңузда доллар курсу алдыдагы айларда кандай болот?
Искендер Шаршеев: Эгерде эртең доллардын баасы “90 сом” болуп кетсе утулуп калбайлы деп Кыргызстандын Улуттук Банкы долларды азыркы арзан баасында сатып алып жатат. Демек аларда сом кайра арзандап кетиши мүмкүн деген маалымат бар.

Сом арзандап кетсе, алар утулбайт, анткени доллар алып койгон, аны кайра кымбатыраак баа менен коё берет. Андыктан Улуттук Банктын бул аракетин ойлонулган, салмакталган саясаты деп эсептейм. Алдыдагы айларда доллардын курсу кандай болоорун негизи божомолдош өтө кыйын болуп турат.

Анткени ал башка өлкөлөрдөн да көз каранды. Мисалы, кечээ жакында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияга келип, Путин менен орток пикир тапканын билдирди. Мындай шартта мунай баасы кымбаттап, доллар арзандап кетиши ыктымал. Андан сырткары Иран мунайды экспорттоп жатат, доллар курсу ага да көз каранды болуп, мунай кайра арзандап, доллар көтөрүлүп кетиши ыктымал.

Link 

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Анклавы и эксклавы

Либертарианство – это система убеждений, которая лучше всего защищает права простого человека, нежели коммунизм или социализм, которые прямо требует защиты интересов партийных боссов. Так когда-то некие партийные боссы двух социалистических республик подарили друг другу участки земли, как бы вроде курорта или дачи. Но во время развала Союза, эти две республики как-то не решились вернуть друг другу земли. И получились анклавы – Сох, Шахимардан, таджикский Ворух, и на территории РУз – Барак. А нам теперь расхлебывать наследие советской номенклатуры. Сегодня ни один наш правитель, ни один наш парламент не смеют поднимать вопрос окончательной делимитации и демаркации границ, а также вопрос о ликвидации анклавов. Армия РУз – имеет свыше одного миллиона регулярных войск и свыше 700 тысяч резервистов. Хотя боеспособность армии еще не апробирована всерьез, но на блицкриг и мини-геноцид соседей Кыргызстана и Узбекистана хватит. В Кыргызской республике, есть около 600 самых боеспособны...

Шаршеев оценил последствия возможного применения Article 12f против Кыргызстана

Инициатива Евросоюза впервые применить механизм Article 12f против третьей страны, где первым кейсом может стать Кыргызстан, способна затронуть не только реэкспорт, но и внутренние производственные цепочки республики. Такое мнение в комментарии «Акчабару» высказал экономист Искендер Шаршеев. По данным Reuters, ЕС в рамках 20-го пакета санкций рассматривает возможность впервые задействовать механизм против обхода ограничений — Article 12f — в отношении Кыргызстана. Обсуждается ограничение поставок в республику отдельных чувствительных товаров, включая станки с ЧПУ и коммуникационное оборудование. Решение, как ожидается, может быть принято уже сегодня. По словам Шаршеева, потенциальные риски связаны не только с возможным снижением реэкспорта европейских товаров, но и с угрозой перебоев для внутреннего рынка, особенно в секторах, зависящих от импортного оборудования и комплектующих. «Во многих отраслях Кыргызстан использует европейское оборудование — в том числе немецкое, швейцарское и...

Will Businesses “Flee” from Kazakhstan to Kyrgyzstan?

Starting January 1, 2026, Kazakhstan will introduce a new Tax Code. It will bring numerous changes for businesses, including an increase in the VAT rate from 12% to 16%, higher excise taxes on tobacco, alcohol, and energy drinks, and much more. Because of this, there is a risk that many small and medium-sized enterprises may either close down or “relocate” to Kyrgyzstan. “Indeed, we have some of the lowest taxes in the Eurasian Economic Union. There are different taxation regimes. For e-commerce, it’s 2% plus social fund contributions. For trade, one can purchase a patent. For other types of activities, it’s 4% for non-cash payments, 6% for cash payments, and 8% when using cash registers,” economist Iskender Sharsheev told Vesti.kg. For this reason, many companies from Russia and other countries have already opened their representative offices in Kyrgyzstan. “The only obstacles sometimes come from local restrictions, which can create barriers to their continued operations. However, it’...