Ноябрь 30, 2016 | жарыялаган Анара Бакытбекова Бул адам акыркы жылдардан бери Кыргызстандын экономикасына өз салымын кошуп келе жаткандардын бири. Болгону 32 жашта. Чыныгы билимдүү жана тарбиялуу адам жөнөкөй болот. Ушундай сыпаттоо ага абдан жарашат. Кеп соода өнөр-жай палатасынын чет элдик ишкерлерди колдоо боюнча комитетин жетектеген, чет элдик инвесторлордун ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев тууралуу. – Сыртыңыздан шаарда чоңойгондой көрүнөсүз, чынында эле ошондойбу? —Бишкек шаарында төрөлүп, төрт жашка чейин жашап, андан кийин Караколдо чоңойдум. Бирок ал жакта айылда эле болдум. -Атаңыз Манастын жети осуятын жазган, Манас айылын салган, Манастын 1000 жылдыгы мааракесинин уюштуруу иштеринин башында турган Шаршеев Шеримбек деген адам. Атаңыздын жолун эмнеге жолдогон жоксуз? —Атам чыгармачылыктын кишиси. Анын чоң тарыхы бар. Тилекке каршы он эки жашымда бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Ал киши Ошто, Караколдо драм т...