К основному контенту

Искендер Шаршеев: Саясаттан тышкары маек. Марал ФМ


Бул адам акыркы жылдардан бери Кыргызстандын экономикасына өз салымын кошуп келе жаткандардын бири. Болгону 32 жашта. Чыныгы билимдүү жана тарбиялуу адам жөнөкөй болот. Ушундай сыпаттоо ага абдан жарашат. Кеп соода өнөр-жай палатасынын чет элдик ишкерлерди колдоо боюнча комитетин жетектеген, чет элдик инвесторлордун ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев тууралуу. 

– Сыртыңыздан шаарда чоңойгондой көрүнөсүз, чынында эле ошондойбу? 

—Бишкек шаарында төрөлүп, төрт жашка чейин жашап, андан кийин Караколдо чоңойдум. Бирок ал жакта айылда эле болдум. 

-Атаңыз Манастын жети осуятын жазган, Манас айылын салган, Манастын 1000 жылдыгы мааракесинин уюштуруу иштеринин башында турган Шаршеев Шеримбек деген адам. Атаңыздын жолун эмнеге жолдогон жоксуз? 

—Атам чыгармачылыктын кишиси. Анын чоң тарыхы бар. Тилекке каршы он эки жашымда бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Ал киши Ошто, Караколдо драм театрларын ачкан. Ошондой эле Караколдогу театрды башкарган. Маданият министринин орун басары да болуп иштеген. Мен бала чагымда Хусейин Карасаевдин үйүнө атам менен конокко көп барганмын. 

– Чет өлкөдөн билим алдыңыз, биздин тышкы саясатта эмне алсыз? 

-Өлкөнүн тышкы саясатын алганда Кыргызстан бүгүн бир тараптуу болуп жатат. Бирок көп тараптуу болушубуз керек. Өлкө эки, үч мамлекеттин ортосунда жайгашкан, бизге деңизге жол жок. Деңизге жол алыш үчүн баары менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Ошондо гана Кыргызстандын товары сыртка чыгып, дүйнөнүн ар тарабына сатылат. Азыркы күндө бир тараптуу болгонубуз кооптуу. Бул нерсе өлкө экономикасына катуу терс таасир этет. 

– Эмгек чыйырыңыз кай жерден башталган? 

—2000-жылы Жогорку Кеңеште Темир Сариев депутат болуп турганда ага коомдук жардамчы болуп иштеп баштагам. Көбүнчө шайлоочулар менен түзүлгөн иштерге Темир Аргенбаевичке жардам бергенмин. 

– Чарба иштерине кандайсыз? -Күздө үй-бүлөм менен жер үйгө көчтүк. Жер үйдө жумуш бүтпөйт экен, көмүр менен аралашып эле үйдү жылыткыча бир топ убакыт өтөт экен. Караколдо жашаганда жер иштерине аябай көнгөнмүн. 

– Кээде кайсы бир окуя адамдын бүт өмүрүндө чечүүчү роль ойноп калат. Сизде болду беле ушундай иш? 

—Москвага окууга баргыча акча, экономика деген эмне экенин билчүү эмесмин.Ошондой эле жашоону да жакшы түшүнчү эмес экенмин. Азыр жаштар Советтер союзун көрбөй эле ошол убакты жакшы көрөт. Мен деле ошолордун бири болуп, коммунизмге ишенгенмин. Мамлекетти чоң ата катары көрүп, баарын чечип берет дечүмүн. Ал эми Москва менин көзүмдү ачты, анткени анык коммунизмди көрүп, евро биримдиктин кыймылдарына катыштым. Ал убакта акчанын баркын билип, өзүм акча таап, окуума төлөдүм. Байкелерибиз да жардам берип жатты. Чет жакта кыргыздар бир-бирине кандай мамиле кылганын көрүп таң калдым. Анткени Москвада кыргыз балдар бир-бирине эң кооптуу экен. Себеби сабап кетип, акчасын тартып, башка бирөөлөргө сатып салышат. Ошол жакта мен коммунисттен либералдарга өтүп кеттим. 

– Берилүү менен иштейсиз. Мектеп күндөрүндө да ушундай белеңиз? Кандай окуучу элеңиз?

-Мектепте 5 да 3 дагы алган күндөрүм болгон, бирок мугалимдер макташчу. Үчүнчү класста апам ооруп калып, ошондо бизди эшикке чыкпагыла, менин жанымда болгула дегенде мени үйгө бекитип койгондой эле болгон. Үйдө болгондо өзүмдүн, эжелеримдин китептерин окуп чыкканмын. Анан мектепке барганда математикадан тышкары баарын билемин. Математикага көңүлүм келбей, түшүнбөй койгонмун. Бул сабактан берген мугалим катуу урушуп койгон сайын көңүлүм калып кетти. Бир нерсени түшүндүм, мугалим баланы канча мактаган сайын ошончолук аракет кылат. Мектепте эки мугалим мага жардам берип, алдыга жылуума түрткү болду. Алардын көмөгү менен 9-класста тарых сабагынан олимпиадага катышып, облустан биринчини алдым. Ошондон кийин 10-11-класстын эказмендерине даярданып, бир эле убакытта тапшырып, окууну өзүмдөн мурунку класстар менен кошо бүттүм. 

—Математика сабагын түшүнбөсөңүз кантип экономист болуп калдыңыз? Же сиз үчүн бирөө чечтиби? 

-Кичүү кезимде алты багытка кызыктым. Алар физика, химия, биология, математика, экономика жана саясат. Мугалимдин мамилесинен улам матемаикага такыр кызыкпай койдум. Кийин мектепти аяктаар алдында математикага жакшы көңүл бурдум. Бишкекке келип БГУнун саясат таануу факультетине тапшырдым. Окуп жүрүп саясатчылардын мүнөзү күчтүү, билими аз болушун түшүндүм. Кайсы өлкөдө кайсы лидерлер кандай ийгиликке жетишишин анализдедим. Ошондо экономисттер көп ийгилик жаратканын билдим. Анан экономиканы тереңирээк изилдегенге чечим кабыл алдым. 

– Канчанчы атаман элеңиз? 

—Мен ар кайсы жакка которулуп олтуруп, 5 мектепте окудум. Атаман балдардан таяк жеген күндөр болду. Өзүм химия сабагын жакшы көргөндүктөн, «Жаш химик» деген китепти окуп чыкканмын. Анда химиялык заттарды кантип жасагандарды үйрөнүп алдым. Бишкектеги №5 мектептин кыйын баласы мени сабап койгондо, химиялык заттар менен коркутуп койгонмун. Ошондон кийин мага тийишпей калышты, анткени кооптуу экенимди баары билип калышкан. Бирок атаман деген нерсеге аралашкан жокмун. 

– «Жашоодо кесип тандоодон жана жар тандоодон жаңылба» дейт. Сиз жубайыңыз менен кайдан, кандайча таанышып, табышып калдыңыз? 

—Студент кезде жаштар кыймылын уюштуруп, ага өлкөдөгү бир жарым миңден ашык активист студенттер кошулган. Ошол убакта «Ала-Тоо жазы» деген фестивалга жаштардын атынан мени калыс болуп бер деп чакырышты. Фестивалдан келинчегим Назиранын «ред. теле алып баруучу Назира Айтбекова» талантын көрүп, баа берип койдум. Балдарга аны айтып, «кыймылга алып колдойлу» дедим. Кийин мен Москвага кеттим, балдар чынында Назирага жардам беришиптир. Москвадан кайта турган мезгилде сүрөтүн көрүп калып, Назирага чоңойюп, жылдыз болуп баратыпсың деп интернеттен кат жаздым жаздым. Кыргызстанга келип, Назирага баш кошуу сунушун айттым. Келинчегим башка кыздардай ойлонбостон дароо «макул» деген жообун айтты. 

-Иштегенден тышкары дагы эмнеге кызыгып жүрөсүз? 

—IT технологияга абдан кызыгып жүрөмүн. Мен алтын убактымды гуманитардык билим алууга кетиргениме өкүнөмүн. Анткени гуманитардык сабактар анык билим эмес. Анык билим алуу бул-техникалык билим. Политех университетинин студенттерине «жакшы окугула» деп айтар элем, алар жакшы жерде билим алып жатат. Анткени техникалык билим болбосо адам ийгилик жарата албайт. Гуманитардык билим мээни жибитпейт, ал эми техникалык билим мээни жибитет. Ошондуктан экономикалык жумушума кошумча программалоо тилин жана маалыматты башкаруу китептерин окуп жатамын. Буйруса программист болгум келет. 

Маегиңизге чоң рахмат!

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Анклавы и эксклавы

Либертарианство – это система убеждений, которая лучше всего защищает права простого человека, нежели коммунизм или социализм, которые прямо требует защиты интересов партийных боссов. Так когда-то некие партийные боссы двух социалистических республик подарили друг другу участки земли, как бы вроде курорта или дачи. Но во время развала Союза, эти две республики как-то не решились вернуть друг другу земли. И получились анклавы – Сох, Шахимардан, таджикский Ворух, и на территории РУз – Барак. А нам теперь расхлебывать наследие советской номенклатуры. Сегодня ни один наш правитель, ни один наш парламент не смеют поднимать вопрос окончательной делимитации и демаркации границ, а также вопрос о ликвидации анклавов. Армия РУз – имеет свыше одного миллиона регулярных войск и свыше 700 тысяч резервистов. Хотя боеспособность армии еще не апробирована всерьез, но на блицкриг и мини-геноцид соседей Кыргызстана и Узбекистана хватит. В Кыргызской республике, есть около 600 самых боеспособны...

Falls and Rises: How Gold Prices Changed in Kyrgyzstan in June and Since the Beginning of 2025

14:00, July 10, 2025, Bishkek – 24.kg, Nargiza TOKOEVA Recently, global gold prices have been rising at an unusually rapid pace, repeatedly hitting record highs. The market has now somewhat stabilized. The surge in demand for the precious metal has been driven by several powerful factors: Aggressive purchases by central banks (especially BRICS countries) aiming to reduce dependence on the US dollar; Global geopolitical and trade tensions (tariff wars, sanctions, and regional conflicts); Weakening of the US dollar. All of these factors have made gold more attractive as a safe-haven asset. According to the London market, the most recent record was set on April 22, 2025, when the price of one troy ounce reached $3,434 on the London exchange. However, Kyrgyzstan recorded its highest local gold price on June 16, 2025. On April 23 — the day global gold prices hit a historical high — the National Bank of Kyrgyzstan set the price at 305,507.5 soms per ounce. But on June 16, the ...

Expert: Kyrgyzstan’s GDP Should Reach $50 Billion

Tuesday, December 31, 2024, 14:31 What was 2024 like for the republic’s economy? Economist Iskender Sharsheev, speaking with Vesti.kg , believes Kyrgyzstan’s GDP ought to be around $50 billion. Reviewing the past year’s performance, he noted: “The current year, 2024, has been an upswing for Kyrgyzstan’s economy. The government’s announced achievements have been justified: our state budget is now one trillion soms, and our GDP, for the first time in history, has reached $14 billion. I hope this upward trend continues every year. For a country like ours, a more appropriate level of GDP would be around $50 billion, with a per capita GDP of $5,000–$7,000. Currently, it stands at about $2,000—up from $1,260–$1,300 previously.” Sharsheev added that the Cabinet of Ministers has continued indexing salaries and social benefits: “Military salaries have gone up, with some officers now earning around $1,000, which is significant. Pensions have increased as well, and there are new benefits ...