К основному контенту

Шаршеев: Киреше булактары так аныкталбай туруп салык чогултулат

Ноябрь 30, 2016 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы 

2016-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында салыктан жыйналган каражат планда көрсөтүлгөн чекке жеткен жок, же 3млрд 208млн сом жыйналган эмес. Буга салык жана бажы кызматтары тарабынан салыктык кирешелердин түшпөй калгандыгы себеп болгону айтылууда. Жыл сайын чогултуруп жаткан салыктын азаюу себептери тууралуу «Күн чабыт» программасында экономист Искендер Шаршеев суроолорго жооп берди.

Жыл сайын салык чогултууда план аткарылбайт. Эмне үчүн бул көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин жоюлбай келет?

— Анткени өкмөт пландарды койгондо эконометрикалык ыкмаларды колдонбой жатат. Жыл сайын бюджетти түзгөндө өткөн жылдын чыгымдарына 18-20 пайыз кошуу жүрүп жатат. Бул методика илимий ыкмаларга тап-такыр таянылбайт. Мисалы бюджеттик кодексти эмдигиче кабыл алышкан ишке киргизген жок. Ал долбоор азыр да ордунда гана турат. Жаңы жылдан ишке кирет. Бюджеттик кодекс иштеп иштелип жатканда эч качан келээрки жылдын чыгымдары туура саналбайт. Жөн гана кошуулар 20 пайыз менен жүрүп турат. Бул деген алдын ала бюджетке салынган дефицит болуп гана кала берет. Андан сырткары, бюджетти көбөйткөндө планды үстүртөн гана карап салып коюшат. Ал өткөн жылдын кирешесине таянылбайт. Анан албетте план аткарылбайт. Анткени мындай салыктын түшүүсү негизсиз.

Өкмөттүн жыйынында аймактык салыкчылардын дээрлик 75пайызы планды толук аткара алышкан жок. Бул кандай көрсөткүч десек болот?

— Бул көрсөткүч албетте жасалма кризиске кирет. Мисалы өткөн жылы бюджет көрсөтүлгөн пландан 80 пайызын гана киреше кылып алды. Демек бул жылы да экономикалык өсүү 2-3 пайыз деп каралса, салык чогултуу планына да ошол эле кошулушу керек. Бирок өкмөт өткөн жылдын болжонгон кирешесине 20 пайыз кошуп туруп бюджетти бекитишти. Албетте муну менен асмандан 50млрд сомду дефицитке коюшкан. А бул жылы ошол акча табылып же табылбаары белгисиз болчу. Ал эми экономикалык абал реалдуу түрдө 0,3-0,5 пайызга гана өскөнүн көрсөтүп турган. Аны Кыргызстандагы экономисттер айтышкан. Эгер ошого таянса, пландар толук аткарылып, реалдуураак болот эле… Бирок популисттик жактан утулуп калышмак. Анткени кичинекей планды коюп ага жетсе, депутаттардан көп сын угушмак. Ошондон улам булар качып жүрүшөт.

Муну менен биз канчалык деңгээлде экономикага зыян алып келип жатабыз?

— Бул жагдайды мисал менен айтып бергеним түшүнүктүү болот. Мисалы Калысбек деген киши айына он эки миң сом айлык алат дейли. Анын аялы келээрки айда он беш миң сомго чыгым кылаарын айтты. Анда план боюнча 15миң сом табыш керек. А бирок маяна 12миң сом боюнча турат. Демек үч миң сом планга сөзсүз жетпей калат. Дал ушундай абал биздин салык чогултууда турат.

Башка өлкөлөрдө салык төлөө менен жарышышат. Биз ушул деңгээлге качан жете алабыз? Ал үчүн кандай ыкмаларды колдонушубуз керек?

— Муну тууралаш үчүн илимий ыкмаларга таянып, ишти башташ керек.Эксперттерди сөзсүз түрдө мамлекет угушу зарыл. Алардын ичинен да жылдан-жылга туура айтып келе жаткан эксперттерди тандалып туруусу керек. Ошолорго таянып, бюджеттик кодексти кабыл алуу менен өткөн жылдын кирешесине карап туруп гана прогроздорду жасаш керек.

Маегиңизге рахмат!

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Анклавы и эксклавы

Либертарианство – это система убеждений, которая лучше всего защищает права простого человека, нежели коммунизм или социализм, которые прямо требует защиты интересов партийных боссов. Так когда-то некие партийные боссы двух социалистических республик подарили друг другу участки земли, как бы вроде курорта или дачи. Но во время развала Союза, эти две республики как-то не решились вернуть друг другу земли. И получились анклавы – Сох, Шахимардан, таджикский Ворух, и на территории РУз – Барак. А нам теперь расхлебывать наследие советской номенклатуры. Сегодня ни один наш правитель, ни один наш парламент не смеют поднимать вопрос окончательной делимитации и демаркации границ, а также вопрос о ликвидации анклавов. Армия РУз – имеет свыше одного миллиона регулярных войск и свыше 700 тысяч резервистов. Хотя боеспособность армии еще не апробирована всерьез, но на блицкриг и мини-геноцид соседей Кыргызстана и Узбекистана хватит. В Кыргызской республике, есть около 600 самых боеспособны...

Falls and Rises: How Gold Prices Changed in Kyrgyzstan in June and Since the Beginning of 2025

14:00, July 10, 2025, Bishkek – 24.kg, Nargiza TOKOEVA Recently, global gold prices have been rising at an unusually rapid pace, repeatedly hitting record highs. The market has now somewhat stabilized. The surge in demand for the precious metal has been driven by several powerful factors: Aggressive purchases by central banks (especially BRICS countries) aiming to reduce dependence on the US dollar; Global geopolitical and trade tensions (tariff wars, sanctions, and regional conflicts); Weakening of the US dollar. All of these factors have made gold more attractive as a safe-haven asset. According to the London market, the most recent record was set on April 22, 2025, when the price of one troy ounce reached $3,434 on the London exchange. However, Kyrgyzstan recorded its highest local gold price on June 16, 2025. On April 23 — the day global gold prices hit a historical high — the National Bank of Kyrgyzstan set the price at 305,507.5 soms per ounce. But on June 16, the ...

Steppe Diplomacy: Mongolia Deepens Central Asia Ties

22 July 2025 Late on July 20th, the President of Mongolia, Ukhnaagiin Khürelsükh, touched down in Bishkek as part of a two-day state visit to Kyrgyzstan. It forms part of Khürelsükh’s wider Central Asian tour, with the President set to fly to Dushanbe following his sojourn in the Kyrgyz capital. The trip builds on Kyrgyz President Sadyr Japarov’s 2023 visit to Ulaanbaatar, where he oversaw the opening of Kyrgyzstan’s first embassy in Mongolia and toured the Genghis Khan Museum in the capital. A warm greeting Khürelsükh was welcomed by Japarov on the red carpet at Manas International Airport, where traditional dances, music, and even a ceremonial eagle were laid on. The pair greeted each other like old friends before the motorcade swept along the empty roads towards the city. Like Japarov, Khürelsükh has been president since 2021, although, unlike his Kyrgyz counterpart, his role is largely ceremonial. Indeed, current Mongolian politics offers a hint of nostalgia to those in ...